Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Банктын маалыматына караганда, өлкө экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДПнын реалдуу өсүшү 2023-жылдын январь-март айларында 4,6 пайызды түздү. Өсүш өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлордо байкалууда.
Кыргызстанда керектөө баалары жыл башынан тарта 3,2 пайызга өскөн, апрель айында жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14,7 пайызга караганда бир аз басаңдап, 10,5 пайызды түзгөн.
Жалпысынан инфляция бир аз басаңдаган, бирок тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдай дагы деле жогорку деңгээлде сакталып турат.