Биз менен байланышыңыз

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу бекитилди

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2023 | 463 | 0

Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз футболдук бирикмесинин аткаруу комитетинин жыйыны өтүп, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусун бекитүү маселеси каралды.

Бирикменин маалыматына караганда, улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматына 30 талапкер каралып, анын бешөө тандалды.

Жыйынтыгында аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

Апрелдин башында Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткен.

Штефан Таркович 50 жашта. Ал УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар экени кабарланды.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ:

Bangkok Cup кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;

ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;

Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:

ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.

УЕФАнын аналитиги болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM