Биз менен байланышыңыз

25-апрелде айрым аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 416 | 0
Сүрөт Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM