Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Дональд Луну кабыл алды

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 253 | 0

Бүгүн, 24-апрелде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин, анын ичинде коопсуздук, жашыл экономика, ошондой эле С5+1 механизминин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап ар дайым өз ара кызыкчылыктарды эске алуу жана мамлекеттер ортосундагы кызматташууну жактай турганын белгиледи.

Америкалык тарап өлкөдөгү демократиялык институттарды жана жарандык коомду чыңдоого көмөк көрсөтүүгө ниетин ырастаган. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар кызматташуу боюнча диалогду улантууга ниеттерин ырасташты.

Дональд Лу Американын Кыргызстандагы элчиси катары 2018-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын апрель айына чейин иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM