Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда сүт кабыл алуу жайлары ачылат

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 224 | 0

Өзбекстандын өкмөтү жер-жерлерде сүт кабыл алуу жайларын ачуу иштерин жүргүзүүдө. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 17-апрелдеги жыйында сүт кабыл алуу жайларын ачуу планын бекиткен. Ага ылайык, ар бир сүт кабыл алуу жайы жакын жайгашкан 100дөн кем эмес сүт өндүрүүчү чарба менен иштешет. Бул планды ишке ашырууга Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддун 10 миллион долларлык гранты колдонулат.

Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин билдиришинче, сүт кабыл алуу жайларын ачуунун максаты фермердик чарбалар менен жеке адамдар өндүргөн сүттү кайра иштетүүчүлөргө натыйжалуу жеткирүүнү уюштуруу, сүт ишканаларындагы сырье жетишсиздигинин алдын алуу, ошондой эле сүттүн жана сүт азыктарынын кымбаттап кетүүсүнө жол бербөө болуп эсептелет.

Март айында жарыяланган расмий статистикага ылайык, Өзбекстанда акыркы 12 айдын ичинде сүттүн жана башка сүт азыктарынын баасы орточо эсеп менен 20,2% кымбаттаган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын айылдарында 1 литр сүт майлуулугуна жараша 6-8 миң сумдан сатылууда. Ошол эле маалда дүкөндөрдө сүттүн баасы мындан 30-50% жогору турат.

Өзбекстан жыл сайын 10 миллион тоннадан ашык сүт өндүрөт. Өлкө 2015-жылдан бери сүт өндүрүү көлөмү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет. Анда Өзбекстан Wawamustats эл аралык уюмунун рейтингинде бир жылда 9,9 миллион тонна сүт өндүрүү көрсөткүчү менен 18-орунга жайгашкан. 2019-жылы 10,5 миллион тонна көрсөткүч менен 17-орунга көтөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM