Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди тейлөө борбору эми Ошто ачылды

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 122 | 0

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору иштей баштады. Анын ачылышына Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты.

Борбордун ишинин негизги максаты – лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Ишкерлер эми мамлекеттик жана башка кызматтардын топтомун бир жерден ала алышат. Анда Салык кызматынан тышкары, банктар, Юстиция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Баалуу металлдар департаменти, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору ж. б. мекемелер өз кызматтарын көрсөтүшөт.

Ушундай эле борбор Бишкек шаарында 2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM