Биз менен байланышыңыз

Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 309 | 0

Бишкекте эртең, 21-апрелде Орозо айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр таңкы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Унаа кыймылы чектеле турган көчөлөр:

— Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
— Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин;
— Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин.

Айт намазга келген адамдардан кооптуу заттардын жоктугу текшерүү үчүн бекеттер коюлат. Эгер жогорудагы айтылган аймакка автоунаа токтотулса, эвакуацияланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM