Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 149 | 0

24-апрелден 28-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Жол инспекторлор тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM