Биз менен байланышыңыз

«Абу-Даби Кыргыз инвестмент» компаниясы түзүлдү

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 173 | 0

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда «Абу-Даби Кыргыз инвестмент» ачык акционердик коому түзүлдү. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, ишкана түзүүнүн негизги максаты артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестицияларды Кыргызстандын экономикасына тартуу болуп саналат.

Ишкана мындан тышкары инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт.

Экономика жана коммерция министрлиги «Абу-Даби Кыргыз инвестмент» ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат.

Баштапкы капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд АКШ долларына чейин болот. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 млн АКШ доллар суммасындагы баштапкы капитал төлөнөт.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет, чечимдин толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM