Биз менен байланышыңыз

Активист Адилет Балтабай пробациялык шарт менен абактан чыкты

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 259 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Сот жарандык активист Адилет Балтабайга (Мыктыбек Адилет Али) карата Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу «Маралга» Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Биринчи Май райондук сотунун 2022-жылдын 11-ноябрындагы активистке карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмү күчүндө калтырылып, жаза өтөө жайынан бошотулду.

Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип, 2022-жылы июнда камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен иш козголгон. Кийин үй камагына чыгарылып, кайра камалган.

Активист буга чейин Кыргызстанда казино ачылышына каршы болуп, митингдерге активдүү чыгып жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM