Биз менен байланышыңыз

Салык кызматындагы коррупция. Бюджетке 100 млн сом кайтарылды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 330 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 19-апрелде тараткан маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 млн сом кайтарылды.

Мурда маалымдалгандай, Салык кызматынын системасындагы коррупциялык фактыларды иликтөөдө 10 салык инспектору жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө инспекторлор «Ф» тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджетке иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын төмөндөтүп, 3,3 млн сом өлчөмүндө гана салык төлөшкөнү аныкталган.

«Мамлекеттик келтирилген зыян 100 миллион сом экени аныкталып, акча толук кайтарылды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, тергөө амалдарынын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу УКМК коомчулукка маалымдап турат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM