Биз менен байланышыңыз

Рита Карасартова 20-июнга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 353 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен ал 20-июнга чейин камакта калтырылды.

17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, активист Эрлан Бекчоро уулу, журналист Айданбек Акматов, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бусурманкулов, саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Алар 20-июнга чейин камакта болот.

Райондук сот 12-апрелдеги чечими менен Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Таалайбек Мадеминов, Чыңгыз Капаров үй камагына чыгарган.

Орозайым Нарматова, Перизат Суранава, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиевдер саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адам камалган. Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM