Биз менен байланышыңыз

Кытайдан Кыргызстанга туристтердин тобу келди

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 203 | 0

Кытайдын ар кайсы шаарынан топтолгон туристтер Бишкекке келишти. Пандемия аяктагандан бери бул өлкөдөн биринчи жолу уюштурулган массалык тур экенин Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.

Кытайдан 20 адам келген. Алар үч күн Чүй жана Ысык-Көл облустарын кыдырышат. Андан соң Казакстан аркылуу автобуста кетишет.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду кытайлык туроператорлор жана Кытайдын Экономика министрлигинин өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Фонддун кызматкерлери конокторго Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришип, андан соң аларды Кыргызстандын бардык аймагын кыдыртышкан.

Сапардан шыктанган кытайлыктар атайын тур өткөрүүнү сунушташкан. Саякат сапарды уюштурууга Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жардам берип, ошондой эле кытайлык туристтерге жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө электрондук виза берүүнү демилгеленген.

Кытайлык туристтер Бишкек шаарынан түштүккө, андан ары Ош аркылуу Өзбекстанга барат.

«Кытайлык туроператорлордун айтымында, Кыргыз Республикасы туристтер үчүн адаттан тыш кооз жана жагымдуу. Визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү туристтердин агымын дагы көбөйтүшү мүмкүн. Алар Кытай жарандары үчүн визасыз режимди киргизүүнү же коңшу Казакстан менен Өзбекстандагыдай жеңилдетилген кыска мөөнөттүү визаларды киргизүүнү өтүнүштү. Кытайлык ишкерлердин айтымында, мындай учурда үч өлкөгө айкалышкан турлар суроо-талапка ээ болмок», — деп айтылат фонддун маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM