Биз менен байланышыңыз

Ошто террордук уюмга тиешеси бар делген өзбекстандыктар кармалды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 129 | 0

Ош шаарында 17-апрелде эл аралык террордук уюмга тиешеси бар деген шек менен эки өзбекстандык кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.

Өзбекстандын жарандары М.З. жана М.Ф. «Тавхид ва жихад хатибаси» террордук уюмунун Стамбул тобуна катышы бар деген шек менен издөөдө жүргөн.

Кылмышка шектүүлөр чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн документ жасатуу максатында Кыргызстанга келишкен. Алардын бири М.З. чек арадан өтүп баратканда, бири дагы башка жерден кармалып, Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ( мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM