Биз менен байланышыңыз

Эки айда Кыргызстанга 14,8 миң жеңил унаа алып келинген

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 182 | 0

Январь-февраль айларында Кыргызстанга 39 өлкөдөн 14 миң 885 автоунаа алып келинген. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында келтирилген.

Эң көп унаа Кореядан ташылган, тагыраагы 5093 даана. Экинчи орунда Грузия — 2629 унаа. Кийинки катарда Орусия, Кытай жана АКШ турат.

Импорттолгон бардык автоунаалардын жалпы баасы 197 миллион 683,4 миң АКШ долларын түздү. Өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу жеңил унааларды ташып келүүнүн көлөмү 2,6 эсе өстү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM