Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуу ашуусу унаа кыймылы үчүн жабылды

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 160 | 0

Бүгүн, 17-апрель күнү саат 14:30дан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымындагы «Сосновка» постунда эки тарапка тең транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдо калың кар жаап, бороон болууда. Жумушчулар жолду кардан тазалап, ошондой эле туз-кум аралашмасы менен толтурууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM