Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров президенттик фонд тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 235 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп жатып, президенттик фонд тууралуу маалымат берди. Ал Нарын шаарындагы ички жолдорду оңдоп-түзөө жана асфальттоого мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөгөнүн айтып, кайсы булактан жумшалганын ачыктады.

«Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси, демөөрчүлөрдөн чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы, мектеп, бала бакча, же аскерий шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүү керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем.

Жакында Жумабек Салымбеков «Бай түшүм» банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым.

Кечээ Сергей Ибрагимов «Бакай» банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз», — деди Садыр Жапаров.

Транспорт министрлиги быйыл Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлүп, бардык иштер жол сезонунда бүткөрүлөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM