Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөр курула баштаганын жана кимдер аларын айтты

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 313 | 0

Президент Садыр Жапаров ипотекалык турак жайлар кайсы аймакта, качан салынарын жана кимдер ала турганын 17-апрелде «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп жатып айтты. Анын маалыматына караганда, Бишкек шаарына 6 миңден ашык батир салынып жатат, аймактарда да салына баштады.

«Мисалы,  Нарында долбоору даярдалып жатат. «Кумтөр» берген акчасына салып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берели деп жатабыз.

Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да «Жерүй» берген акчасына салып, МИК аркылуу берели деп жатабыз.

Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат. Кудай буюрса, МИК аркылуу жакында тапшырабыз. Башка райондордун жана шаарлардын борборлорунан жерлерди бөлдүртүп жатабыз. Көп кабаттуу үйлөрдү салып, 20 жылдык мөөнөт менен МИК аркылуу беребиз. Акыркы убактарда элдин саны өсүп, жерлер тарып баратат. Ошондуктан мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасайлы, мамлекет өзүбүз салып берели деп жатабыз» , — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент мамлекет эмне үчүн турак-жайларды өзү куруп жатканын мындай түшүндүргөн.

«Эки жыл бюджеттен элге турак жай алып берүү үчүн акча бөлдүк. Ипотекалык компания болсо турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен. Бул деген сөз – элге да, МИКке да пайда деген сөз. Ошондуктан мамлекет өзүбүз колго алдык. Антпесек турак жай маселеси аябай чоң көйгөй болуп кетти. Эл үй салганга жер бөлүп бергиле деп туш-туштан кайрылып жатышат. Биз бир аз убакыт чыдап тургула. Силерге бөлүп берчү жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салып берели деп жатабыз. Бир кишиге берген жерге көп кабаттуу үй салсак жүз үй-бүлөнү батырат экенбиз. Ошентип жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек. Антпесек келечекте жерлер тарып, тамак-аш коопсуздугу жаралат. Келечекти кое туруп азыркыны эле айтсак, бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албайбыз» , — деди Жапаров.

Өлкө башчы жарандарды мамлекет кура турган турак жайлар үчүн бардык жарандарды электрондук кезекке тура берүүгө чакырды.

Садыр Жапаров  2-апрелде Бишкек шаарынын сыртына көчүрүлгөн түрмөлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, ипотекага берилерин фейсбуктагы баракчасына жазган.

Буга чейин борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплекси курулары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM