Биз менен байланышыңыз

«Эрмен жыты» тасмасы Германиядагы кинофестивалда баш байге алды

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 378 | 0

Кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун «Эрмен жыты» тасмасы Германиянын Бремен эл аралык кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Жалпысынан 100 тасма катышкан фестиваль 12-апрелден 16-апрелге чейин өткөн. Калыстар тобу жана көрүүчүлөр биргелешкен добуш берүү менен ар кандай номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташкан.

«Эрмен жыты» тасмасына эл аралык конкурстун бардык катышуучусу: көрүүчүлөр да, калыстар тобу да эң жогорку баа беришкен. Бул — тасманын эл аралык кинофестивалдарда алган 18-сыйлыгы.

Тасмада айылдык үч өспүрүмдүн тагдырын баяндалып, үй-бүлөлүк кырдаалдар, ата-бала, эне-бала мамилеси сыяктуу коомдук маселелер көтөрүлгөн.

Үч өспүрүм балалыгын көңүлдүү оюндарды ойноп өткөрүп, үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү унутушат. Бирок чоңоё баштаганда турмуш чындыгы аларга да таасир берет. Аталары ичкиликтен, мушташтан башы чыкпаса, апалары көр тирилик менен алышып жатып, кээде үйдө калган балдарын унутуп коюшат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM