Биз менен байланышыңыз

18-апрелде көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 475 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан карга айланат. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Ош, Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын температурасы +1…+6, күндүз +6…+11 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +6…+8 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM