Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 18 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 184 | 0

Өлкө аймагында бир жума ичинде 18 миң 314 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

8-апрелден 14-апрелге чейин катталган жол эрежесин бузуу фактыларынын ичинен:

Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 193;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 59;

-Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 69;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 286;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5946;

-Авто ээнбаштык — 6;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2745;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 665;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1192 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM