Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Газпромдун» жетекчи орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 150 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпром» коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту.

Анда 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газдаштыруу системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Мындан тышкары, тараптар газ менен камсыздоо маселелери жөнүндө күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча пикир алышты.

Акылбек Жапаров «Газпром» тарабынан өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагын колдоого көңүл бурулуп жатканын баалап, бир катар социалдык жана спорттук объектилерди куруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM