Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерди каттоо башталат

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 404 | 0

Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондорунда 14-апрелден тарта чакан бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерди каттоо башталат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын пилоттук долбоорунун алкагында жеке ишкерлерди каттоо жүрөт.

100 күндүн ичинде (17-марттан баштап) шаардын жогоруда аталган эки районунда 4000ден ашык баланы камтыган 250дөн ашык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер каттоодон өткөрүлөт.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жетектеген жумушчу топ бардык ченемдик-укуктук актыларды жана стандарттарды иштеп чыккан, ага ылайык жеңилдетилген ченемдик-укуктук, санитардык, билим берүү талаптары бар жеке жак (жеке адамдар) жеке ишкердик ишин патенттин  негизде ача алат.

Жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалаган жарандар арыз берип, катталып, 100 күндүк долбоордун алкагында жогоруда аталган министрликтер биргелешип иштеп чыккан баштапкы окуунун типтүү курсунан бекер өтүп, жеке ишкерликти ачуу боюнча кеңеш ала алышат.

Жумушчу топтун курамына: Президенттин иш башкармасына караштуу Балдар омбудсмени, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы (Биринчи май жана Ленин райондук  администрациялары) кирет.

Мэриянын басма сөз кызматы «Маралга» тактагандай, ишкерлер каттоодон өтүү үчүн Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорундагы жергиликтүү аймактык башкармалыктарга (МТУ) кайрылат. Бул шилтеме менен кирип, билдирмени толтурат. Учурда каттоо жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM