Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүүнү пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 387 | 0

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги «Казакстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара визалык талаптарды жоюу тууралуу макулдашууга кол коюу жөнүндө» токтомду коомдук талкууга алып чыкты.

Бул макулдашууга эки өлкөнүн ТИМ башчылары быйыл май айында, казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коёру күтүлүүдө.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары чек арадан өткөндөн тарта 30 күн жана андан кийинки 180 күндүк мөөнөттө 90 күн бири-биринин аймагында визасыз жүрө алышат. Бул туристтик, жеке жана ишкердик сапарларга тиешелүү.

Токтом долбоору коомдук талкууда 26-апрелге чейин болот.

Казакстан өткөн жылы июлда Кытайдын, Индиянын жана Ирандын жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген.

Казакстандын бийлиги бул макулдашууга кол коюу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болорун билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM