Биз менен байланышыңыз

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкцияларды бузган өлкөлөргө да көңүл бура баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 342 | 0

Европа Биримдиги Пасха майрамына карата жарыяланган эс алуу күндөрүнөн кийин дароо Москвага каршы санкциялардын он биринчи топтомун киргизүүнү пландап жатат.

Бирок бул жолкусунда Брюссель Орусиянын өзүнө эмес, ага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берип жаткан өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бурары айтылууда.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, Батыш өлкөлөрү мындай жол менен Орусияны бардык ресурска жетүү мүмкүндүгүнөн ажыратууну каалап жатат.

«Биз онунчу топтомго Орусияга жардам берип жаткан жеке тараптарды, компанияларды, юридикалык жактарды, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдү да санкциялык тизмеге киргизүү мүмкүндүгүн кошконбуз. Бул албетте жетишсиз, ошондуктан санкциялардын он биринчи топтому негизинен чектөөлөрдү кыйгап өтүү маселелерине байланыштуу болот», – деди Еврокомиссиянын башчысы.

Буга чейин киргизилген санкциялардын онунчу топтомунда Орусияга авиациялык кыймылдаткычтарды, жүк ташуучу автоунааларга тетиктерди, курулуш тармагында колдонулуучу жабдууларды, анын ичинде оор техникаларды экспорттоого тыюу салынган. Мындан тышкары кош максаттарга пайдаланыла турган товарлар менен технологияларга да чектөөлөр киргизилген. Бул алардын аскердик максаттарда да колдонулушу мүмкүн экендигине байланыштуу.

Бүгүнкү күндө Орусияга паралелль импорттун негизги булактары катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кытай, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан эсептелет. 9-мартта Түркия санкциялык тизмедеги товарларды ЕБ өлкөлөрүнөн Орусияга өткөрүүнү токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM