Биз менен байланышыңыз

БУУнун атайын катчысы Тажикстандагы диний абал менен таанышат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 255 | 0

БУУнун дин жана ынаным эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Назила Ганея 11-21-апрель аралыгында Тажикстанда расмий сапар менен болот.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Назила Ганея бул өлкөдөгү дин эркиндигинин абалы менен таанышат. Ал өкмөт бул багытта эл аралык милдеттенмелерин кантип аткарып жатканын аныктап чыгат.

БУУнун атайын баяндамачысы 11 күндүк сапарынын жүрүшүндө бийликтин, ар түрдүү диндердин, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугары айтылууда. Назила Ганея тажик бийлигинен Хорог жана Хожент шаарларына да барууга уруксат сурады.

Атайын баяндамачынын кортундулары жана сунуштары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине 2024-жылы мартта сунушталат.

БУУнун атайын баяндамачысынын сапары Душанбе дин эркиндигин чектегени үчүн сынга кабылып жаткан маалга туш келди. АКШнын дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги жөнүндө былтыр жарыялаган баяндамасында Тажикстан жарандардын дин тутуу укугун жана эркиндигин бузган өлкөлөрдүн катарына кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM