Биз менен байланышыңыз

Жапаров Бердымухамедовдун апасы каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 117 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар»,- деп айтылат телеграммада.

Садыр Жапаров  Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM