Биз менен байланышыңыз

NYT: Пентагон Украинанын чабуулдарга даярдануу планын ачыкка чыгарган булакты издөөдө

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 289 | 0

Пентагон украин армиясынын даярдалып жаткан чабуулдарынын алдында Киевге бериле турган жардам тууралуу жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарган булакты издеп жатат. Бул тууралуу New York Times басылмасы АКШ президенти Жо Байдендин администрациясындагы жогорку кызмат адамдарына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, жашыруун делген материалдар акыркы күндөрү «Твиттерге» жана «Телеграмга» жарыяланган. Анда Украинага жөнөтүлө турган курал-жарак менен ок-дарылардын курамы жана жеткирүү графиги тууралуу маалыматтар болгон.

New York Times ал маалыматтардын көбү эскирип калганын, анда негизинен март айынын башындагы абал сүрөттөлгөнүн белгиледи. «Бирок Москва алардан бир топ пайдалуу маалыматтарды алышы мүмкүн. Мисалы, анда HIMARS ракеталык системалары үчүн ок-дарынын сарпталышы жөнүндө жазылган. Мындан украин армиясы бул куралды кандай колдонуп жатканы боюнча жыйынтык чыгарса болот», – деп жазды New York Times.

Согуштун башында Киев маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнөн кооптонуп, өз пландарын Вашингтон менен бөлүшпөй келгени белгилүү. Акыркы айларда аскердик пландоо боюнча эки өлкөнүн ортосундагы маалымат алмашуу кеңейген. Эми жашыруун материалдардын ачыкка чыгып кетиши бул процесске терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM