Connect with us

Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» ишканасына барды

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 232 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды. Буга чейин министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга (15 жылдык мөөнөткө) берүү чечими кабыл алынган.

Жапаров «Кыргызиндустрия» ААКын түзүүнүн максаты — жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандыруу экенин белгиледи.

Чакан ишканаларды ишке киргизүү менен республиканын өнөр жай тармагын гана жандандырбастан, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берери белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM