Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуулар өттү

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 281 | 0

Бишкек шаарында 1-апрелден 7-апрелге чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул багыттагы жумуштар улантылат.

Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында өткөрүү пландалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM