Кыргызстандын министрлер кабинети 11 өлкөгө жеңилдетилген виза режимин узартты. Мындай чечим өкмөттүн 6-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.
Жашап турууга уруксаты (резиденттик картасы) бар 11 чет мамлекет үчүн виза режимин узартуу чечими кабыл алынды: Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия Королдугу, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней-Даруссалам Мамлекети, Оман Султанаты жана Бахрейн Королдугу.
Мындай чечим өлкөнүн визалык режимин либералдаштыруунун, инвестициялык жана туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында кабыл алынды.