Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн сапаты текшериле турган лаборатория ачылды

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 289 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин базасында көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Көмүрдүн сапатын текшерүүчү жабдуулар менен иштөөгө укук берүүчү — күлдүн, нымдуулуктун, калориялуулуктун, көмүртектин жана күкүрттүн курамын аныктоо үчүн сертификаттар берилди.

Экологиялык мониторинг департаменти 1990-жылдан бери иштейт. Бирок каржылоонун жана адистердин жетишсиздигинен, имаратта оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн эл аралык стандарт боюнча аккредитациялоо процедурасына кайрыла алган эмес.

2022-жылы аккредитациялоо талаптарын ишке ашыруу максатында документтер иштелип чыгып, сапат менеджменти системасы киргизилип, министрликтин алдындагы тармактар аралык окуу борборунда «Үлгү алуу» программасы боюнча адистер окутулуп, тиешелүү сертификаттарды алышкан.

Ошондой эле департаменттин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Санитардык нормаларга жана эрежелерге жооп берген лабораториялык эмеректер, көмүрдүн сапатын аныктоочу жаңы жабдуулар Жаратылышты өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынып, баланска өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM