Биз менен байланышыңыз

Лейлектин Сары-Дөбө айылында мектеп салынууда

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 97 | 0

Президентти Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына жумушчу сапары менен барды.

Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» атындагы орто мектебинин курулушуна капсула салды. Жаңыдан курулушу башталган типтүү мектеп 150 окуучуга ыңгайлашып, эки кабаттуу болуп курулат. Мектептин курулушун жаңы окуу жылына карата бүткөрүп, 1-сентябрга пайдаланууга берүү пландалган.

Анткени эски мектептин бир канча бөлмөсү өрт кырсыгынан улам жараксыз абалга келип, окуу кааналарынын жетишпестиги жаралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM