Биз менен байланышыңыз

«Коррупцияга каршы элдик кызмат» бирикмесинин төрагасы кармалды

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 252 | 0

Бишкекте «Коррупцияга каршы элдик кызмат» деп аталган коомдук бирикменин төрагасы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди чечип берем деген шылтоо менен өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары көрсөтүп, Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 миң сом алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM