Биз менен байланышыңыз

Жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга айып салынууда

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 87 | 0

Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга айып салынууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол жээгинде өз алдынча күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга карата атайын рейддик иш-чараларды өткөрүп, аныкталган мыйзам бузууларга карата Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин ылайык, тийиштүү проткол толтуруп, 3000 сомдон айып салынууда.

Мындан сырткары, жол көзөмөлдөө кызматкерлери сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин жана бул көрүнүш  жолдор боюнча мыйзамга туура келбестигин эскертишүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM