Биз менен байланышыңыз

Казакстанда күйүүчү майдын жасалма тартыштыгы болбошу үчүн мунай базалары текшерилет

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 412 | 0

Казакстанда күйүүчү майдын жасалма тартыштыгын пайда кылбоо үчүн аймактык штабдарга мунай базаларын текшерүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

«Өлкө боюнча дизель майынын жалпы запасы 308,56 миң тоннаны түзөт. Бул 2023-жылдын 1-январындагы запастан 59 миң тоннага көп. Ошол эле маалда аймактардагы айрым май куюу жайларында дизель майын сатууга чектөөлөр болууда», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

3-апрелде Энергетика министрлиги бензиндин жогорку баасын 11%, дизель майыныкын 20% көтөрүү чечимин кабыл алган. Анда бул чечим күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу чарасы катары түшүндүрүлгөн. Мекеме тартыштыктын негизги фактору катары транзиттик автотранспортту жана коңшу өлкөлөргө көмүскө экспорттоону атаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM