Биз менен байланышыңыз

Мурдагы министр Алмаз Бейшеналиевдин иши сотко өттү

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 354 | 0
Сүрөт: 24.kg

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы «Маралга» тастыктады. Маалыматка караганда, Бейшеналиевдин иши 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев былтыр 29-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын бергени аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып бергени кабарланган.

Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганы, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканы жана башка себептерден улам үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM