Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Сербиянын министрин кабыл алды

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 140 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды.

Тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууга толук мүмкүнчүлүк барын, Кыргызстан серб өнөктөштөрү менен биргелешип иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары бул сапары тарыхый экенин, анткени ал Сербиянын акыркы 25 жылда расмий иш сапары менен келген биринчи тышкы иштер министри экенин айтты. Ал эки өлкөнүн көп маселелер боюнча позициялары окшош, бирок эки тараптуу кызматташуу дагы эле жетиштүү деңгээлде өнүгө электигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда түрдүү тармактарда достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM