Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордодогу жер маселесине байланыштуу дагы бир жаран кармалды

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 1870 | 0

Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Башкы көзөмөл органы 6-апрелде кабарлагандай, «коррупция» беренесинин негизинде Э.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкектин Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын алдында өтүнүч козгоо стадиясында турат.

Ал жаран 2010-2019-жылдары Ак-Ордо жаӊы конушундагы №498, 511, 519 контурларда жайгашкан жалпы аянты 12,7 га үлүш жерлерин өз өзүнчө аянты 4 сотыхтан бөлүп, турак-жай курууга мыйзам талаптары боюнча жол берилбестигин билип туруп, жарандарга 1500ден 5000 АКШ долларына чейин баалап, ишеним кат менен сатып жибергени аныкталган.

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Дж. аттуу жарандар кармалышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM