Connect with us

Ташиевге кайрылган жаранга паспорт берилди

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 254 | 0

Бүгүн, 6-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Максим Чернышовду кабыл алды.

33 жаштагы жаран Кыргызстандын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу аркылуу УКМКнын төрагасына кайрылган.

Маалыматка караганда, Чернышовду ата-энеси Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден аны башка үй-бүлө багып алган.

Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM