Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда 122 жылдык көпүрө бузулат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 617 | 0

Түркмөнстандын бийлиги Амударыя аркылуу өткөн тарыхый темир жол көпүрөсүн бузууну чечти. Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазгандай, 1200 метрлик көпүрөнү демонтаждоодон чыккан металл жергиликтүү базарда сатылышы мүмкүн экени белгилүү болду.

«Өз булактардын айтымында, Лебап облусундагы 1898-1901-жылдары салынган көпүрө бузулат. Темир жол көпүрөсү 2014-жылдан бери пайдаланылбай калган», — деп айтылат маалыматта.

2017-жылы Лебап облусунда Амударыя аркылуу өтө турган жаңы темир жол көпүрөсү пайдаланууга берилген. Түркмөнабад – Фараб көпүрөсүн украиналык «Альтком» компаниясы курган. Анын ачылышына ал кездеги президент Гурбангулы Бердымухамедов менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышкан.

2009-жылы Амударыя аркылуу Креки – Керкичи автоунаа көпүрөсү, 2013-жылы Креки – Керкичи темир жол көпүрөсү курулган.

XIX кылымдын аягында Орусиянын падышачыл аскерлери Борбор Азияны басып алып, Амударыя аркылуу азыркы Түркмөнстандын аймагында темир жол көпүрөсүн курган. Курулушка 3 минден ашуун киши катышкан. Кезинде ал орус империясынын аймагындагы эң узун, дүйнө жүзүндө узундугу боюнча үчүнчү орунда турган көпүрө болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM