Биз менен байланышыңыз

Талибдер ооган аялдарына БУУнун курамында иштөөгө тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 275 | 0

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 6-апрелдеги жыйынында «Талибан» кыймылынын талабы жабык түрдө каралат. 5-апрелде талибдер ооган аялдарынын БУУнун миссиясынын алкагында Ооганстанда иштөөсүнө тыюу салууну талап кылганы кабарланган.

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Рамиз Алакбаров «Талибандын» талабын аткаруу БУУнун жобосун бузарын белгиледи. Бул тууралуу ал «Франс-Пресс» агенттигине берген маегинде билдирди.

«БУУга бир да орган тигил же бул адамды жумушка алуу же кетирүү боюнча буйрук бере албайт. Талибдердин мындай чечими БУУнун оор экономикалык абалдагы Ооганстанга жардам жеткирүүсүн оорлотот», – деди Алакбаров.

БУУнун башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед аялдардын БУУ системасында иштөөсүнө тыюу салуу чечимине тынчсыздануусун билдирип, талибдердин бул кадамы «ислам баалуулуктарына сокку» болорун белгиледи.

«Убактылуу үйдөн чыкпай туруу сунушуна жана талибдердин бул тыюусуна карабастан, Ооганстандагы БУУ миссиясынын системасында иштеп жаткан аялдарга айлык төлөнөт», – деди Мохаммед.

Ооганстандагы БУУнун 4 миң кызматкеринин 3,3 миңин жергиликтүү тургундар түзөт. Алардын 400гө жакыны аялдар.

БУУ 2021-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын январына чейин Ооганстандагы гуманитардык программаларды каржылоо аркылуу бул өлкөдөгү муктаж адамдарга жардам берүү үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM