Биз менен байланышыңыз

Ушаков Боомдогу өрттөн кийинки сүрөттөрдү жарыялады

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 193 | 0

Кыргызстандык сүрөтчү Влад Ушаков Боом капчыгайындагы өрттөн кийинки сүрөттөрдү жарыялады. Ал Фейсбуктагы баракчасына:

«Жашыл Мурас» программасынын алкагында бир көчөт да толук кандуу көктөп кетеби, билбейм. Бирок ага чейин Кыргызстан ушул көп убакыттан бери сакталып калган токойлордон ажырап калышы мүмкүн деген кооптонууну жаратат. Боом капчыгайындагы 60 гектарга жакын токой күлгө айланды», — деп жазды.

24-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылындагы ачык аянтта өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган.

Тилсиз жоо кечки саат саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетишин көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган. Бирок 25-мартта кайрадан өрт чыккан.

Жалын эмнеден тутанганы белгисиз болуп жаткан, өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептери такталып жатканын билдирген.

default

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM