Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 7-апрелде жаан жаайт

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 750 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+15 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM