Биз менен байланышыңыз

Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 152 | 0

Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Аталган департаментти буга чейин Канат Шабданбаев жетектеген.

Айбек Абдымомунов 40 жашта. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин «дене тарбия мугалими» адистигинде аяктаган.

Бокс менен машыгып, спорт тармагында көп кызматтарды аркалаган.

2019-2020-жылдары Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун башчысы болгон. Бокс боюнча улуттук категориядагы калыс, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM