Биз менен байланышыңыз

Мүлк салыгын төлөбөй жүргөн 287 элиталык үй ээси аныкталды

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 454 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Мамлекеттик салык кызматы камералдык текшерүү ыкмасы менен Бишкек шаарындагы жана Аламүдүн районундагы ВИП-шаарчалардын тургундарынын кыймылсыз мүлк салыгын төлөгөн-төлөбөгөндүгүн текшерди.

10 күн ичинде 799 турак үй текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында 287 үйдүн ээси (109у турак жай үчүн, 178и чарбак, короо-жай үчүн) 3,5 млн сомдон ашык суммада мүлк салыгын төлөбөгөнү аныкталган.

Мүлк ээлери бюджетке млн сомдон ашык акча төлөшкөн.

Жыл сайын 1-сентябрга чейин турак жайга, чарбак (тамарка), короо-жай жана багбанчылык жер тилкелерине мүлк салыгын төлөшү зарыл. Мыйзамга ылайык, менчик ээси белгиленген мөөнөттө салык төлөбөсө, анда ал салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып пул, ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болот.

Салык кызматы бул багыттагы текшерүүлөр улантыларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM