Биз менен байланышыңыз

ЖК каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартуу мыйзамын колдоду

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 115 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Кылмыш-жаза кодексине «каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазага тартуу» беренесин кошууну эл өкүлдөрү Шайырбек Ташиев менен Айбек Маткеримов демилгелеген.

Мыйзамга ылайык, каржы пирамидасын, кооперативдерди жарнамалагандарга 2-2,5 миллион сом айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Документ президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM