Биз менен байланышыңыз

Депутат айыл чарбасын каржылоо боюнча ачык маалымат берүүнү өтүндү

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 142 | 0

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Айыл чарба министрлигин каржылоо кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берүүнү өтүндү.

Ал өлкөнүн айрым аймактарындагы жазгы талаа иштери аяктап калганын, дыйкандар жеңилдетилген, төмөн пайыздагы насыяга муктаж болуп жатканын белгиледи. Министрлик айткан каржылоо программалары кандай жүрүп жатканын ачыктоону өтүндү.

«Кайсы аймакка канча каражат бөлүндү, кандай пайызда берилип жатат, буларды ачыктап айтышкан жок. Себеби таанышы жок жарандар айылдардан райондун борборуна баруусу кыйынчылыкка туруп жатат, барса, тигил же бул документиң жок деп кайра жөнөтүп жатышат», — деди депутат.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 27-мартта «Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоору боюнча 190 млн 675 миң сомго 407 насыя берилгенин билдирген.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 33 млн 960 миң сомго 78 насыя берилди.

– «Айыл Банк» ААК 18 млн 290 миң сомго 40 насыя;

– «РСК Банк» ААК 15 млн 670 миң сомго 38 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 156 млн 715 миң сомго 329 насыя берилди.

– «Айыл Банк» ААК 65 млн 95 миң сомго 134 насыя;

– «РСК Банк» ААК 91 млн 620 миң сомго 195 насыя.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM