Биз менен байланышыңыз

Үч күн туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 164 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 7-8-9-апрелде өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM