Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал спорт — мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири болуп келгенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө бул тармакта миңдеген адистер иш алып барганын жана алардын спорттун өнүгүшүнө, эл аралык аренада жогорку жетишкендиктерге жетишүүдө салымы зор.

«Эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байрагыбызды бийик желбиреткен спортчуларыбыздын аркасы менен акыркы жылдары республикабыздын булуң-бурчунда активдүү жашоо образын тандаган, спорт менен машыккандардын саны өстү. Булардын баары спорт тармагында иштеген, өз ишин так билген жана чын жүрөктөн сүйгөн кызматкерлердин талбаган эмгегинин үзүрү», — деп  белгиледи Жапаров.

Президенттин айтымында, спортчуларга эл аралык аренада ийгиликтерди жаратуусуна зарыл шарттар түзүлөт, Парижде өтүүчү Жайкы олимпиада оюндарына лицензия алууга даярданып жаткан спортчулар ар тараптуу колдоого алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM